Akchabarsearch
Маданият министрлиги “авариялык абалга келди” деп тарыхий имараттарды бузуу учурлары көбөйгөнүн билдирди

Жарыяланган

2026-29-07, 12:10

Маданият министрлиги “авариялык абалга келди” деп тарыхий имараттарды бузуу учурлары көбөйгөнүн билдирди

Кыргызстанда тарыхий-маданий имараттарды корголуучу объектилердин тизмесинен чыгарып, аларды бузууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Маданият министрлиги тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлик билдиргендей, акыркы жылдары “тарыхий баалугунуун жоготту” же “авариялык абалга келди” деген шылтоо менен тарыхий-маданий мурас катары таанылган имараттарды бузуп, алардын ордуна коммерциялык имараттарды курган учурлар көбөйдү. Мындан улам ага бөгөт коюу үчүн министрлик андай имараттарды бузууга 10 жылга тыюу салууну сунуштап жатат.

Бул мыйзам долбоору менен тарыхий-маданий имараттарды кандай гана жол менен болбосун Кыргызстандын тарыхий жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга тыюу салынат.

Бул убакыт аралагыныда мамлекеттик органдар аталган объектилерди инвентаризация кылып, алардын коргоо зоналарынын чектерин аныктайт. Ошондой эле тарыхий-маданий имараттарды реставрация жана сактоо боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, өркүндөтөт. 


Тектеш материалды окуу