Akchabarsearch
"Кыргызстан аэропортторунун" Директорлор кеңешине быйыл канча акча жумшалат?

Жарыяланган

2025-01-05, 11:11

"Кыргызстан аэропортторунун" Директорлор кеңешине быйыл канча акча жумшалат?

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын Директорлор кеңешин кармоого кете турган чыгашалардын сметасы бекитилди. 

Компаниянын акционерлеринин 28-апрелде өткөн жылдык жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, 5 кишиден турган Директорлор кеңешине быйыл 8 млн 793 миң 35 сом каралды.  Бул сумманы бөлгөндө ар бирине жылына 1 млн 758 миң 607 сомдон, ал эми айына 146 миң 550 сомдон тиет. 

Директорлор кеңеши:

  • Мирлан Коңурбаев – Директорлор кеңешинин төрагасы;
  • Элзар Жунушбаев – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Сабыркул Ашымбаев – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Жаныбек Жалалов – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Кайрат Иманалиев – Директорлор кеңешинин мүчөсү.

Тектеш материалды окуу