akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-01-05, 09:56

    Мурдагы маданият министри "Кыргызстан аэропортторунун" Директорлор кеңешинин мүчөсү болду

    "Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын (мурдагы "Манас" эл аралык аэропорту" компаниясы) Директорлор кеңешинин курамында өзгөрүүлөр болду.

    Маалыматка ылайык, 28-апрелде компаниянын акционерлеринин жылдык жыйынында Директорлор кеңешинин төрагасы Ренат Түлөбердиевдин ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Анын ордуна Мирлан Коңурбаев төрага болгон.

    Ошондой эле Директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Кайрат Иманалиев шайланган. Эскерте кетсек, буга чейин Иманалиев маданият миинистри, министрдин орун басары кызматтарын аркалаган. 

    Директорлор кеңешинин курамы:

    • Мирлан Коңурбаев – Директорлор кеңешинин төрагасы;
    • Элзар Жунушбаев – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
    • Сабыркул Ашымбаев – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
    • Жаныбек Жалалов – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
    • Кайрат Иманалиев – Директорлор кеңешинин мүчөсү.

    Тектеш материалды окуу