Жарыяланган
2025-18-09, 17:47Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ичинен бюджеттик кирешелердин өсүшү боюнча эң жогорку көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы маалымдады.
Быйыл, январь-июнь айларында республиканын бирдиктүү бюджетинин кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18.6%га көбөйүп, 351 миллиард сомго жетти. Былтыр бул сумма 296 миллиард сомду түзгөн.
Салыштырсак, Арменияда өсүш 15.5%, Казакстанда — 17.5% болсо, Россияда бюджеттик кирешелер болгону 3.1%га көбөйгөн.
Кыргызстандын бул жааттагы алдыңкы көрсөткүчтөрү негизинен салык жана бажы төлөмдөрүнүн активдүү чогултулушу, ишкердиктин жанданышы, ошондой эле өнөр жай менен соода тармактарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу.