Жарыяланган
2025-11-07, 18:01Бээжинде Кыргызстандан Кытайга экспортолуучу азык-түлүктөрдү текшерүү үчүн курула турган лаборатория маселеси боюнча буга чейин өткөрүлгөн жыйындын протоколуна кол коюлду. Жыйындын протоколуна кыргыз тараптан министрлер кабинетинин Бакыт Төрөбаев, ал эми кытай тараптан Эл аралык өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттигинин директорунун орун басары Ху Чжанлян кол койду.
Аталган лаборатория Бишкекте салынат. Аны Кытай тарап жардам иретинде өз каражатына куруп берет.
Лаборатория жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү, улуттук стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Кытайдын техникалык стандарттарынын жана долбоорлоо жана курулуш ченемдеринин негизинде салынат.