
Жарыяланган
2026-03-08, 10:45Кыргызстан менен Азербайжан расмий статистика боюнча маалымат алмашууну жана тажрыйба бөлүшүүнү кеңейтет. Бул багытта эки өлкөнүн статистикалык мекемелери кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
Документке 31-июлда Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргызстандын Улуттук статистика комитети менен Азербайжандын Статистика боюнча мамлекеттик комитети кол койду.
Меморандум статистикалык маалыматтарды алмашуу, эл аралык стандарттарды жана жаңы ыкмаларды колдонуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну камтыйт.
Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов бул келишим эки өлкөнүн статистикалык кызматтарынын өнөктөштүгүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

