
Жарыяланган
2025-13-11, 16:03Астанада Кыргызстан менен Казакстандын Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов катышты.
Тараптар президенттер Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашууларынын аткарылышын, анын ичинде 2025–2027-жылдарга кызматташуу планы жана 2030-жылга чейин товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жол картасын талкуулашты.
Ошондой эле соода-экономика, суу-энергетика жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелери каралды.

