Akchabarsearch
Кыргызстан–Казакстан чек арасындагы эки өткөрмө бекет эл аралык макам алды, бири  күнү-түнү иштейт

Жарыяланган

2026-08-04, 15:40

Кыргызстан–Казакстан чек арасындагы эки өткөрмө бекет эл аралык макам алды, бири күнү-түнү иштейт

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иш тартиби өзгөртүлдү. Президент Садыр Жапаров 2003-жылдагы эки өлкө ортосундагы келишимге өзгөртүү киргизген протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, мурдагы «Камышановка» өткөрмө бекети мындан ары «Төмөнкү-Чүй» деп аталып, эл аралык макамга ээ болду. Бекет мурдагыдай күндүз гана иштебестен, эми сутка бою үзгүлтүксүз кызмат көрсөтө баштайт. 

Ошондой эле «Кичи-Капка» өткөрмө бекети да эл аралык статус алды. Эми бул жерден эки өлкөнүн гана эмес, башка мамлекеттердин жарандары да өтө алышат.

Өзгөртүүлөр жүк жана жүргүнчүлөр агымын көбөйтүп, туризмди жана чек ара инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган.
 


Тектеш материалды окуу