
Жарыяланган
2026-24-08, 18:21Кыргызстан 2026-жылы жалгыз саякат үчүн дүйнөдөгү эң мыкты укмуштуу туристтик өлкө деп табылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө Much Better Adventures платформасы түзгөн Solo Adventure Travel рейтингинде биринчи орунду ээледи.
Рейтингде жөө жүрүш маршруттары, саякаттын баасы, жеткиликтүүлүк, коопсуздук, жаратылыштын ар түрдүүлүгү жана туристтердин кызыгуусу эске алынган.
Кыргызстан тоолору, көлдөрү жана кооз жаратылышы менен өзгөчөлөнөт.

