
Жарыяланган
2026-21-07, 13:22Президент Садыр Жапаров өлкөдө туризм тармагынын өнүгүшү жана чет элдик меймандардын агымы боюнча көрсөткүчтөр тууралуу айтты.
Анын айтымында, 2020-2021-жылдарга чейин Кыргызстанга жылына 2-3 миллион турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жетти. Бул Кыргызстандын калкынын санынан эки эсе көп.
"Бул экономиканын өскөнүн, өлкөбүздүн аты дүйнөгө таанылып, туристтерди өзүнө тартып жатканын билдирет. Эки эсе көп турист келгени ИДПнын өсүшүнө 4-5% кошумча салым болду. Ар бир турист ар бир кыргызстандыктын жакшы жашоосуна салым кошуп жатат", – деди Садыр Жапаров.
Президент дүйнө өлкөлөрү туристтерди тартуу үчүн миллиарддаган каражат сарптаса, Кыргызстанга меймандар өздөрү агылып келип жатканын белгилеп, аларга кылдат жана сый мамиле кылууга чакырды.
"Ар бир туристке кылдат, сый мамиле жасаңыздар. Кен байлыктарыбыз бир кезде түгөнөт, ал эми туризм түбөлүк калат. Келечекте өлкөбүздү туризм багат. Ар бир кыргызстандык туризмди өнүктүрүүгө азыртадан салымын кошсун", – деп белгиледи мамлекет башчысы.



