Akchabarsearch
Жапаров: 2021-жылдан бери транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат сарпталды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-29-09, 18:14

Жапаров: 2021-жылдан бери транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат сарпталды

2021-жылдан бери транспорт жана жол тармагына 102 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Түп-Кеген жолунун ачылыш аземинде Президент Садыр Жапаров билдирди.

Президент маалымдагандай, быйыл салынып жаткан жолдордун 80%дан ашыгы мамлекеттик бюджеттен каржыланууда.

Жапаров Түп–Кеген жолу Кыргызстан менен Казакстандын Алматы облусун байланыштырып турган маанилүү жол экенин белгилеп, анын жалпы узундугу 52 чакырымды түзөрүн билдирди. Анын ичинде 39–76-чакырымдагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толугу менен жаңыланган.

Долбоор Дүйнөлүк банк менен биргелешип ишке ашырылган “Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун үчүнчү фазасынын” алкагында ишке ашты.

Ошондой эле, туризм турмагын колдоо максатында Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенко жана Түптө 5 туристтик сервис борбору курулуп, “Сан-Таш” тарыхый комплексине бара турчу жолдор да оңдолгон.

Бул долбоордун негизги максаты – регионалдык байланыштарды чыңдоо, калктын жашоо шартын жакшыртуу, коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү жана туризмдин потенциалын көтөрүү.

 

 


Тектеш материалды окуу