
Жарыяланган
2026-27-03, 16:39Ысык-Көл айланма жолунун Корумду – Балбай Баатыр тилкесинде жол курулуш иштери жигердүү уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда асфальт-бетон катмарынын экинчи катмарын төшөө иштери башталды.
Ошондой эле тротуарлардын жана веложолдун негизин даярдоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Аталган тилке 17 калктуу конуш аркылуу өтүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык техникалык талаптар сакталууда.
Долбоордун алкагында жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарлар жана веложол куруу, 2 жер алдындагы өтмөк, 14 көпүрө жана жүздөгөн суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу каралган.
Курулуш иштери 2024-жылдын апрелинде башталган. Бүгүнкү күнгө чейин ондогон чакырым жолго асфальт төшөлүп, көпүрөлөр менен өтмөктөрдүн курулушу дээрлик аяктап калды.

