
Жарыяланган
2026-30-03, 11:25Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы Жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
2026-жылга карата пландарды жана негизги милдеттерди талкуулады.
Жаныбеков бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууну тапшырып, жолдун курулушуна туруктуу көзөмөлдү жүргүзүүнү жетекчилерге милдеттендирди.
Учурда Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө жолунун 55 чакырымы асфальттоого даярдык көрүлүп, жолду кеңейтүү, шагыл төгүү жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Жолдун туурасы долбоор боюнча 8 метрге чейин кеңейтилет, активдүү жумуштар 2-, 4- жана 7-чакырым тилкелеринде жүргүзүлүүдө.


