
Жарыяланган
2026-26-03, 10:45Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кара-Дарыя – Нервти – Пром – Үч-Мазар – Дөш автожолунун 7 чакырым 250 метр бөлүгү асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда жолду асфальттоого даярдык көрүү иштери жүрүп, анын алкагында жолду кеңейтүү жана негизин даярдоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Буга чейин кара шагыл жол болгондуктан, аталган тилке жергиликтүү тургундарга бир топ ыңгайсыздык жаратып келген. Долбоор ишке ашкандан кийин үч айылдын ортосундагы транспорттук байланыш жакшыртылып, калктын жүрүп-туруу шарттары жеңилдейт.
Маалыматка ылайык, жол эки тилкелүү болуп, IV категориянын талаптарына ылайык курулат. Ошондой эле жол жээктери кеңейтилет.
Курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүп, аны белгиленген мөөнөттө бүткөрүү пландалууда.

