Akchabarsearch
Сокулуктагы алты көчөнү асфальттоого 34.5 млн сом жумшалат

Жарыяланган

2026-22-07, 12:29

Сокулуктагы алты көчөнү асфальттоого 34.5 млн сом жумшалат

Сокулук айылындагы алты көчөгө асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Бул үчүн Сокулук айыл өкмөтү 34.5 млн сомдук тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерге катышуу үчүн арыздар 5-августка чейин кабыл алынат.

Долбоордун алкагында төмөнкү көчөлөр оңдолот:

Ысык-Көл көчөсү — 2.06 млн сом;
Дон-Алыш көчөсү — 7.11 млн сом;
Чыгыш көчөсү — 5.98 млн сом;
Полярная-1 көчөсү — 9.87 млн сом;
Полярная-2 көчөсү — 3.42 млн сом;
Ала-Арча көчөсү — 6.09 млн сом.

Тендердин жеңүүчүсү келишимге кол коюлган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жол иштерин бүтүрүшү керек.

Катышуучу компаниялар 2024–2025-жылдары ушул сыяктуу кеминде эки долбоорду аткарган тажрыйбасын, тиешелүү лицензиясын, адистерин жана керектүү техникаларын көрсөтүүгө тийиш.

Ошондой эле аткарылган иштерге 12 айлык кепилдик берилет. Эгерде кемчиликтер аныкталса, подрядчы аларды 5 күндүн ичинде оңдоп берүүгө милдеттүү.


Тектеш материалды окуу