Akchabarsearch
“Таластын жолдоруна дагы көз салып койсоңуз” деп Таласта аксакал президентке кайрылды

Жарыяланган

2025-13-11, 16:47

“Таластын жолдоруна дагы көз салып койсоңуз” деп Таласта аксакал президентке кайрылды

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Талас облусуна барды. Анда облустун жашоочусу мамлекет башчысынан Таластын жолдоруна көңүл буруусун суранды. 

“Таластын жолдоруна дагы көз салып койсоңуз. Башка жактарды көрсөк намыстанып жатабыз. Мисалы Ысык-Көлдү көрсөк”, - деди Таластын жашоочусу. 

Президент кийинки жылы Таласка 8 миллиард сом бөлүнө турганын билдирди. 

“Эки жыл мурун жолду оңдоого 1 миллиард сом бөлүп бергенбиз. Мунун баарын өздөштүрүп үлгүргөй калдык деп 300-400 миллион сомду кайра кайтарып берген. Мурда акча жок болчу. Азыр акча толтура, жылдын аягына чейин аткартып үлгүрбөй жатабыз. Мурда акчаны кайра кайтаруу деген түшкө кирген эмес”, - деди Жапаров.

Ошону менен катар эле президент келе жаткан жылы Эгемендүүлүк күнү Таласта өтөрүн кошумчалады.


Тектеш материалды окуу