Akchabarsearch
Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун курулушу 31-августта толугу менен бүтөт

Жарыяланган

2026-30-01, 11:30

Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун курулушу 31-августта толугу менен бүтөт

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобунун жыйынында эл өкүлү Рахат Жунушбаева Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун курулушу боюнча суроо узатты.

Ал жолдун айынан Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барган туристтердин саны азайып жатканын айтты.

«Балыкчы менен Караколду байланыштырган жол быйыл бүтөбү? Быйыл туристтик сезонго карата жолдун курулушу бүткөрүлүшү керек. Жолдун азабынан Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барган туристтердин саны азайып кетти», — деди Жунушбаев.

Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев жолдун жарым бөлүгүндө курулуш иштери аяктаганын белгиледи. Анын айтымында, жолдун курулушу 31-августка чейин толугу менен бүтөт.

Ошондой эле ал учурда аталган тилкеде курулуш иштери улантылып жатканын кошумчалады.


Тектеш материалды окуу