Akchabarsearch
    Кыргызстанда 083 формасындагы медициналык маалымкат санариптештирилет
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2025-04-03, 12:45

    Кыргызстанда 083 формасындагы медициналык маалымкат санариптештирилет

    Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн талап кылынуучу 083 формасындагы медициналык маалымкат санариптештирилет.

    Мындай милдетти Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине тапшырды.

    Ага ылайык, мындан ары жаран медициналык кароодон өткөндөн кийин 083 маалымкаты автоматтык түрдө Унааларды жана айдоочуларды каттоо агенттигинин маалымат базасына түшүшү керек. 


    Тектеш материалды окуу