Akchabarsearch
    Кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн БАЭникине сынаксыз алмаштыра алат

    Жарыяланган

    2025-14-05, 10:36

    Кыргызстандыктар айдоочулук күбөлүгүн БАЭникине сынаксыз алмаштыра алат

    Бүгүн, 14-майда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ортосунда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмаштыруу тууралуу макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Унааларды каттоо агенттиги билдирди. 

    Макулдашуу боюнча, БАЭде мыйзамдуу жашап жаткан кыргызстандыктар өзүнүн айдоочулук күбөлүгүн БАЭникине сынак тапшырбай же кошумча окуудан өтпөстөн эле алмаштыра алат. Ушундай эле мүмкүнчүлүк Кыргызстандагы БАЭнин жарандарына берилет.

    Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда анын түпнускасы жарандын өзүндө калат. 

    Күбөлүктүк алмаштыруу үчүн паспорт, Кыргызстанда (же БАЭде) жашоого уруксат кагаз, айдоочулук күбөлүк, медициналык маалымкат керек. 

    Кошумча маалыматты Кыргызстандын же БАЭнин консулдук мекемелеринен алууга болот. 


    Тектеш материалды окуу