Akchabarsearch
    Кыргызстанда 12 жылда унаалардын саны үч эсе көбөйдү. Алдыда Нарын турат

    Жарыяланган

    2025-09-07, 13:15

    Кыргызстанда 12 жылда унаалардын саны үч эсе көбөйдү. Алдыда Нарын турат

    Кыргызстанда 2012-жылдан 2024-жылга чейин жарандардын атына катталган жеңил унаалардын саны үч эседен да көп — 384.5 миңден 1.25 миллионго чейин көбөйгөн. Бул тууралуу Унааларды каттоо мамлекеттик агенттигинин маалыматында айтылат. 

    Унаалардын санынын эселеп көбөйүшү боюнча Нарын биринчи орунда турат. Эгер 2012-жылы бул дубанда 5 миң 141 унаа катталган болсо, 2024-жылы алардын саны 34 миң 938ге жетти. 2012-жылдан бери жылына орточо 21.77% өсүш болгон.   

    Кийинки орунда Баткен (+19.36%), Талас (+18.22%), Жалал-Абад (+14.67%) жана Ош облустары (+14.53%) турат. 

    Ошол эле учурда 2023-жылдан 2024-жылга чейин жеңил унааларлын саны эң көп Нарын (+23.1%) менен Талас (+14.84%) облустарында көбөйгөн. Эң азы Бишкек (+2.17%) менен Ошто (+3.25%).  

    Унаалардын санынын өсүшү боюнча Нарын сап башында болгону менен машиналардын көптүгү боюнча Бишкек (326.2 миң) менен Чүй облусу (265.4 миң) алдыда турат.  

    Өлкөдөгү унаалардын саны (2024-жылдын аягына карата маалымат):

    • Бишкек – 326 миң 189
    • Чүй облусу – 265 миң 446
    • Ош облусу – 171 миң 738
    • Жалал-Абад облусу – 166 миң 294
    • Ош шаары – 85 миң 583
    • Ысык-Көл облусу – 85 миң 55
    • Баткен облусу – 72 миң 894 
    • Талас облусу – 40 миң 628
    • Нарын облусу – 34 938

    Тектеш материалды окуу

    • УКМК санитардык дарыгерди кармады

      Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери жарандардан пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
      2025-09-07 12:00:25
    • Бишкекте биринчи эксклюзивдүү долбоор ишке кирүүдө: Жабык кабаттагы MANSAP жеке иш бөлмөлөрү

      Бишкекте ишкер адамдар үчүн өзгөчө форматтагы иш бөлмөлөр сунушталууда — BFT бизнес борборунун жабык кабатында жайгашкан жеке MANSAP кеңеселери. Бул борбор калаадагы алгачкы эксклюзивдүү долбоор болуп саналат. Аталган долбоор иштерман жана маанилүү чечимдерди кабыл алган адамдарга жаңычыл жана мыкты шарттарды түзүп берет.
      2025-09-07 11:00:00
    • Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 101.5 млн доллар берет

      Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк "Туруктуу жана инклюзивдүү өсүү саясатын биринчи каржылоо" долбоорунун алкагында 101.5 млн долларлык бюжеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
      2025-09-07 08:07:28
    • Кыргызстанда 12 жылда унаалардын саны үч эсе көбөйдү. Алдыда Нарын турат

      Кыргызстанда 2012-жылдан 2024-жылга чейин жарандардын атына катталган жеңил унаалардын саны үч эседен да көп — 384.5 миңден 1.25 миллионго чейин көбөйгөн. Бул тууралуу Унааларды каттоо мамлекеттик агенттигинин маалыматында айтылат.
      2025-09-07 07:15:35