Akchabarsearch
    Бишкекте биринчи эксклюзивдүү долбоор ишке кирүүдө: Жабык кабаттагы MANSAP жеке иш бөлмөлөрү
    arrow right
    arrow right

    Жарыяланган

    2025-09-07, 17:00

    Бишкекте биринчи эксклюзивдүү долбоор ишке кирүүдө: Жабык кабаттагы MANSAP жеке иш бөлмөлөрү

    Бишкекте ишкер адамдар үчүн өзгөчө форматтагы иш бөлмөлөр сунушталууда — BFT бизнес борборунун жабык кабатында жайгашкан жеке MANSAP кеңеселери. Бул борбор калаадагы алгачкы эксклюзивдүү долбоор болуп саналат. Аталган долбоор иштерман жана маанилүү чечимдерди кабыл алган адамдарга жаңычыл жана мыкты шарттарды түзүп берет. 

    MANSAP долбоорун ишке ашыргандар аны кенен ой жүгүртүүгө көнгөн, обочодо болууну каалаган адамдарга – визионерлерге, жетекчилерге, ой-пикир жараткан кишилерге жана кесипкөй адамдарга арнап чыгарган. Мындай адамдар үчүн ойду топтоп, стратегиялык чечимдерди кабыл ала турган ызы-чуусу жок жерде иштөө өтө маанилүү. MANSAP дал ушундай иш шарттарын сунуш кылат.

    MANSAP’тагы ар бир иш бөлмө — майда-баратына чейин ойлонуштурулган аянты 20 чарчы метрден башталган жана андан чоң кеңселер. Бул жерде шаардагы кымгууттан обочолонуп, дитиңди коюп иштөөгө шарт түзүлгөн. Жымжырт, ашыкча ызы-чуу жок кеңседе ойду топтоп, сергек акыл менен иштөөгө болот. Бул жаңылыктар ар тараптан агылып турган маалымат доорунда өзгөчө маанилүү.   

    Кеңселер турган кабатта жеке ресепшн да бар. Алар конокторду тосуп алып, коштоп барып, сылык-сыпаа мамиле менен тейлөөнүн жогорку сапатын көрсөтөт. Бул резиденттердин макамын көрсөтүп, салабаттуулугун арттырып турат. 

    Баалуу кагаздарды, акчаны жана документтерди сактоо үчүн күчөтүлгөн коопсуздук система орнотулган жеке сейф уячалары бар. Баары бир жерде жайгашып, резиденттер үчүн ыкчам жана ыңгайлуу.  

    Резиденттер үчүн эки сүйлөшүү бөлмөсү каралган. Аларды MANSAP’тын резиденттери гана пайдалана алат. Ал жерде жолугушуулар обочо өтүп, купуялуулукка кепилдик берилет. Атайын үн изоляциясы сүйлөшүүлөрдү купуя кылып, маалыматтын тарап кетишин жокко чыгарат.

    Кеңсенин жайгашкан жери долбоордун статусу тууралуу кабар берип турат. MANSAP кеңселери Бишкектин финансылык-ишкерлик бөлүгүнүн чок ортосунда — Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде, BFT бизнес борборунун 11-кабатында жайгашкан. Кеңселердин жайгашкан жери резиденттер үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, салабаттуулугун арттырат. 

    Белгилей кетсек, бул долбоор ага-ини Замир жана Дастан Чаргыновдор тарабынан иштелип чыккан. Алар MedCity медициналык комплекс тармактарын негиздеп, ал жети жыл ичинде эле рынокто өз ордун таап, ири тармакка айланды. Ага ини Чаргыновдордун алгылыктуу жана ири иштери MANSAP өңдүү долбоорду түптөөгө негиз болуп берген. 

    Замир Чаргынов

    Негиздөөчү жана башкы директор

    «Кыйын чечимдерди кабыл алуу алдында, дайыма тынч жер, жымжырттык жетишпей турат. Ал эми туура чечим кабыл алуунун баасы өтө жогору. Мансап иш бөлмөлөрү ойдун тунук болушу үчүн түзүлгөн.»

    Дастан Чаргынов

    Негиздөөчү жана башкы директор

    «Биз баштаган иштердин ийгиликтүү болушу туура чечим кабыл алуудан көз каранды. Ошондуктан биз ал чечимдерди кандай жагдайда кабыл аларыбыз өтө маанилүү.»

    Бүгүнкү күнү MANSAP бизнеске жаңы иш мейкиндигин сунуштоодо — ар бир жолугушуу, ар бир келишим жана ар бир чечим обочо, коопсуз жана жогорку тейлөө көрсөтүлгөн шарттарда өтөт.

    Иш бөлмөлөрдүн саны чектелүү. Кошумча маалыматты mansap.kg сайтынан же +996 556 00 88 00 телефон номери/WhatsApp аркылуу алууга болот. 


    Тектеш материалды окуу