Жарыяланган
2025-25-08, 09:05Быйыл январь–июль айларында Кыргызстанда өнөр жай тармагынын жалпы өндүрүшү 374,6 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,3 %га көбөйгөн. Ал эми, 2024-жылдын январь–июль айларында өсүш болгону 0,8 % гана болгон.
Алтын кен ишканаларын эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшү — 21,7 %га өскөн.
Расмий статистикага ылайык, өнөр жай тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясына (ИДП) 1,95 пайыздык пункт кошкон. Экономиканын түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 18,5 %га жетти.