Жарыяланган
2025-25-08, 11:0226-августта Чолпон-Атада «Кыргызстандагы немис экономикасынын күнү» аталышындагы кыргыз-герман бизнес форуму жана кыргыз-герман бизнес кеңешинин төртүнчү жыйыны өтөт. Иш-чарага Премьер-министр Адылбек Касымалиев катышат.
Форумдун программасына экспортту өнүктүрүү жана логистика тармагындагы мүмкүнчүлүктөр боюнча панелдик сессиялар кирет, анда Ортоңку коридордун сунуш кылган мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле энергетика тармагындагы долбоорлор талкууланат.
Мындан тышкары, B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар уюштурулат. Алар өнөктөштүк байланыштарды бекемдөөгө багытталган. Өзүнчө блок катары бизнес кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстан менен Германиянын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери каралат.