Жарыяланган
2025-18-07, 17:18Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси 2025-жылдын башынан бери жалпы 5 миң 881 даана жол белгисин чыгарып, тиешелүү уюмдарга жеткирди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жол белгилеринен тышкары, аталган борбор тарабынан 10 миң даана катафот жана 7 миң 500 метр темир мамычалар полимердик-порошок боёк менен сырдалып даярдалды.
Белгилер жана башка жол жабдуулар жол тейлөө ишканаларына атайын келишимдин негизинде берилүүдө. Учурда өлкөнүн бир катар аймактарында эски жол белгилери алынып, жаңылары орнотулуп жатат.