Жарыяланган
2025-18-07, 12:22КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 жаңы унаа тапшырылды. Автоунаа паркынын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды. Автопаркды жаңылоо үчүн жалпы 359 млн сом жумшалды.
Сатып алынган унаалар заманбап талаптарга толук жооп берет жана алардын катарында 15 чоң жана 57 кичи автобус бар. Алар китептерди, жабдууларды, адистерди жеткирүүдө, ошондой эле концерттерди, көргөзмөлөрдү жана башка маданий иш-чараларды, айрыкча алыскы аймактарда уюштурууда колдонулат.
Адылбек Касымалиев 2025-жылдагы бюджетте маданият тармагына 3 млрд сом каралганын белгиледи. Анын айтымында, жаңы техника маданият кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлкө боюнча чыгармачыл демилгелерди ишке ашырууга шарт түзөт.