
Жарыяланган
2026-05-11, 13:01Кыргызстанда 1-декабрдан тартып аскер пенсионерлеринин пенсиясы 5 миң 500 сомдон 13 миң сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 13-октябрда аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин айлыгын, ошондой эле тиешелүү пенсионерлердин пенсиясын жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Пенсиянын канчага көбөйөрү ар бир адамдын кызмат өтөгөн жылдарына, мурдагы айлыгына жана башка мыйзамдык шарттарга жараша аныкталат.
Мындан тышкары, аскер пенсионерлерине коомдук транспортто акысыз жүрүү жеңилдигин берүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ош шаарында бул жеңилдик 1-октябрдан тартып күчүнө кирген. Ал эми Бишкекте 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүү маселеси каралууда.
Акысыз жүрүү укугу 63 жашка чыккан эркектерге жана 58 жашка чыккан аялдарга, анын ичинде аскер жана укук коргоо органдарынын пенсионерлерине тиешелүү шарттар менен берилет.


