Akchabarsearch
Кыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясын 5 миң сомго көбөйтүү пландалууда

Жарыяланган

2026-16-11, 15:51

Кыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясын 5 миң сомго көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды.

Депутат Камила Талиеванын айтымында, учурда «Баатыр энелерге» пенсиясына кошумча 1 миң сом төлөнөт. Бул сумма 2011-жылдан бери өзгөргөн эмес.

Анын белгилегендей, азык-түлүк, коммуналдык кызматтар жана дары-дармектер кымбаттагандыктан, кошумча төлөмдүн өлчөмүн көбөйтүү зарыл.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына ай сайын 5 миң сом кошулат.
Учурда Кыргызстанда бул орден менен 34 миңге жакын эне сыйланган.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору азырынча комитетте биринчи окууда гана жактырылды.
 


Тектеш материалды окуу