
Жарыяланган
2026-28-10, 15:30Кыргызстанда электрондук соода рыногу жакынкы убакта 3–4 эсеге өсүшү мүмкүн. Бул тууралуу Wildberries компаниясынын Кыргызстандагы директору Тилек Сулейманов Wildberries Ecomday 2026 иш-чарасында билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда электрондук сооданын үлүшү 5%га жакын болсо, коңшу Казакстанда бул көрсөткүч 17%га жеткен.
«Эгер коңшу Казакстанды карасак, ал жакта электрондук сооданын үлүшү кеминде 17%га жеткен. Демек, бизде да кыска убакыттын ичинде 3–4 эсеге өсүүгө мүмкүнчүлүк бар», — деди ал.
Сулейманов белгилегендей, онлайн сооданын өнүгүшү товарларды жеткирүү ылдамдыгына, төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана товарлардын түрлөрүнө байланыштуу.
Анын айтымында, компания аймактарда буйрутмаларды берүү пункттарын көбөйтүп, иштеп жаткан пункттардын соода көлөмүн арттырууга жана жеткирүү мөөнөтүн кыскартууга көңүл бурушу керек.
«Биз ар бир кардар үчүн жеткиликтүү болушубуз керек. Товарларды бөлүп төлөөнүн көбүрөөк жолдорун сунуштап, алардын түрлөрүн жана өлкө боюнча буйрутмаларды берүү пункттарынын санын көбөйтүшүбүз зарыл», — деди ал.
Ошондой эле жергиликтүү ишкерлер онлайн соодага активдүү катышса, сатып алуучулардын тандоосу кеңейип, өндүрүүчүлөр жаңы кардарларды таба алышат.
Сулеймановдун айтымында, калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашы да электрондук сооданын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ал эми онлайн сатууну эрте баштаган ишкерлер рынокто өз ордун ээлөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк алышат.

