Akchabarsearch
Кыргызстанда күйүүчү майдын орточо баасы канча сомдон болуп жатат?

Жарыяланган

2026-24-04, 16:11

Кыргызстанда күйүүчү майдын орточо баасы канча сомдон болуп жатат?

Кыргызстанда 23-апрелге карата күйүүчү майдын орточо баалары белгилүү болду. Өлкөдө АИ-92 бензининин орточо баасы 78 сом, дизель майы 86 сом, автогаз 42.5 сом, ал эми газ баллон 796 сомду түзөт. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматтын маалыматында көрсөтүлгөн.

Аймактар боюнча айырмачылык да байкалат. Эң кымбат бензин Баткен облусунда сатылып, баасы 80.6 сомго жетсе, эң арзаны Каракол шаарында — 74.7 сом. Дизель майы Ош жана Баткен облустарында кымбатыраак болуп, орточо баасы 89.5 сомду түзөт. Ал эми эң арзан дизель Токмок шаарында — 79.1 сом.

Автогаздын эң жогорку баасы Ош облусунда катталып, 44.5 сомдон сатылууда. Төмөн баа кайра эле Токмок шаарында — 36.9 сом. Газ баллондор да Ош облусунда кымбатыраак болуп, орточо 877 сомду түзсө, эң арзан баа Талас облусунда катталып, 647.5 сомду түзөт.

 


Тектеш материалды окуу