
Жарыяланган
2026-19-01, 18:07Бүгүн, 19-январга карата өлкө боюнча күйүүчү майдын орточо баалары төмөнкүдөй болду: А-95 — 80.17 сом, А-92 — 74.90 сом, дизель отуну — 79.60 сом. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтында көрсөтүлгөн.
А-95 бензини эң кымбат Ош шаарында сатылууда — литри 82.90 сом. Баткенде анын баасы 82.40 сомду түзсө, Кербен, Токтогул жана Өзгөн шаарларында 81.90 сомдон сатылууда. Ал эми Чүй облусунда баалар салыштырмалуу төмөн: Токмокто — 78.40 сом, Бишкекте — 78.60 сом, Кара-Балтада— 78.90 сом.
А-92 бензини боюнча эң жогорку баа Ош шаарында катталып, литри 78.40 сомду түздү. Бишкекте бул күйүүчү май 73.25 сомдон сатылууда. Эң арзан А-92 бензини Талас шаарында катталып, анын баасы 68.36 сомду түздү.
Дизель отуну боюнча эң жогорку баа Раззаковдо — 82.78 сом, Ошто — 82.67 сом жана Кербен шаарында — 81.90 сом. Бишкекте дизелдин баасы 78.13 сомду түзүп, республикалык орточо көрсөткүчтөн төмөн болду. Эң арзан дизель Өзгөн шаарында катталып, литри 74.45 сомдон сатылууда.
