Akchabarsearch
Кыргызстанда маанилүү иш-чаралар өткөн күнү жарандарга дем алыш күн бериле баштайт

Жарыяланган

2026-10-07, 17:14

Кыргызстанда маанилүү иш-чаралар өткөн күнү жарандарга дем алыш күн бериле баштайт

Кыргызстанда маанилүү иш-чаралар өткөн күнү жарандарга дем алыш күн бериле баштайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкка ылайык, кайсы бир шаарда же аймакта эл аралык, мамлекеттик иш-чаралар өткөн учурда ошол калаада же аймакта иштеген жарандарга дем алыш күнү берилет. Ошол эле учурда аларга ишке чыкпаган күндүн айлыгы төлөнүп берилет. Жанагыдай учурларда дем алыш берүүнү өкмөт жергиликтүү бийлик менен макулдашып чечет. 

Маанилүү иш-чаралар өткөн учурда жарандарга дем алыш күн берүү механизми сыноо иретинде 2025-жылдын 15-июлунан тартып 2027-жылдын 1-июлуна чейин киргизилет. Эмгек министрлиги бул механизмге баалоо жүргүзүп, анын канчалык натыйжалуу экенин карап, өкмөткө өз сунуштмаларын берет. 


Тектеш материалды окуу