Akchabarsearch
Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштей баштайт

Жарыяланган

2026-10-07, 15:07

Бишкекте арзан эт саткан фудтрактар иштей баштайт

Бишкек шаарында арзан эт саткан көчмө фудтрактар иштей баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтымында, аталган көчмө унааларда эттин баасы 680 сомдон болот. Бир адамга 5 кг эттен гана сатылат. 

Учурда шаарда мындай 10 фудтрак иштей баштайт.  Алар борбор калаанын төрт районуна бөлүштүрүлөт. Мэрия алар үчүн атайын орундарды даярдап койгон. 

Бул долбоорго керектүү көчмө фудтрактарды министрликтин «Кыргыз Агрохолдинг» компаниясы өз акчасына сатып алган. 


Тектеш материалды окуу