Akchabarsearch
Ошто Бишкектегидей таштандыдан электр энергия чыгарган завод салынууда

Жарыяланган

2026-10-07, 13:34

Ошто Бишкектегидей таштандыдан электр энергия чыгарган завод салынууда

Ош шаарында таштандыдан электр энергия өндүрө турган завод салынууда. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Курулушту Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясы жүргүзүүдө. 
Завод ишке киргенден кийин жылына 310 миң тоннага чейин таштандыны өрттөп, андан электр энергия чыгарат. 

Мэрия бул завод бардык экологиялык талаптарга жооп бере турганын билдирди. 

Мэр Жанар Акаев 9-июлда жерине барып, курулуш иштерин көрүп келген. Ал кытайлык компанияга курулуш иштерин күчөтүп, заводду белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырган. 

Акаев заводдун курулушуна байланыштуу бардык маселелер мэрия тарабынан ыкчам чечилерин билдирген. 

Эскерте кетсек, 2025-жылы декабрда Бишкекте Борбор Азиядагы биринчи таштандыдан электр энергия чыгарган завод иштей баштаган. 


Тектеш материалды окуу