Akchabarsearch
Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү жолдун курулушу уланууда

Жарыяланган

2026-10-07, 12:49

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү жолдун курулушу уланууда

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган Барскоон – Бедел жолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 

Курулуш иштерин кытайлык China Road and Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө. Учурда узундугу 161 чакырым болгон жолдун курулушунда 1.7 миңден ашык жумушчу, 814 атайын техника иштеп жатат. 

Азыркы тапта Сөөк жана Ашуу-Суу ашууларындагы эки тоннелди казуу иштери кызуу жүрүүдө. Узундугу 5.5 чакырым болгон Сөөк тоннелинин 365 метри, ага жанаша турган кичи тоннелдин (штольня) 466.2 метри казылган. Ошондой эле узундугу 3.8 чакырым болгон Ашуу-Суу тоннелинин 270.2 метри, ага катар турган кичи тоннелдин 361.4 метри казылган. 

Возможно, это изображение текст

Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев менен транспорт министри Талантбек Солтобаев курулуш иштерин жеринен көргөнү барып, жумушту аткарып жаткан компанияга иштерди графикке ылайык, сапаттуу бүткөрүүнү тапшырган. 

Эскерте кетсек, Барскоон – Бедел Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү унаа жол болот.  Жолдун курулушу 2025-жылы 27-августта башталган. Анын негизги курулуш иштери 2029-жылы күзүндө бүткөрүлүп, жол ачылат. 2030-жылдын сентябрына чейин кошумча жумуштар бүткөрүлүп, жол расмий пайдаланууга берилет. 

Бул жолдун курулушунун алкагында эки тоннелден тышкары 30дан ашык көпүрө, кар көчкүдөн, таштан коргогон өткөөлдөр салынат.  

Бул жолду мамлекет өз акчасына сала турганы кабарланган. 


Тектеш материалды окуу