Akchabarsearch
Эми өлкөдө 23 ардак наам болот

Жарыяланган

2026-10-07, 14:31

Эми өлкөдө 23 ардак наам болот

Өкмөт ардак наамдар тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык өлкөдө 23 ардак наам болот. 

Наамдардын тизмеси: 

1) «Эмгек сиңирген артист»;
2) «Эмгек сиңирген врач»;
3) «Эмгек сиңирген ойлоп табуучу»;
4) «Эмгек сиңирген куруучу»;
5) «Эмгек сиңирген мугалим»;
6) «Эмгек сиңирген юрист»;
7) «Эмгек сиңирген экономист»;
8) «Эмгек сиңирген ишкер»;
9) «Маданиятка эмгек сиңирген ишмер»;
10) «Илимге эмгек сиңирген ишмер»;
11) «Геология кызматына эмгек сиңирген кызматкер»;
12) «Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер»;
13) «Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер»;
14) «Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер»;
15) «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер»;
16) «Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер»;
17) «Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер»;
18) «Маалыматтык-коммуникациялык технологияларга эмгек сиңирген кызматкер»;
19) «Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер»;
20) «Калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер»;
21) «Транспортко эмгек сиңирген кызматкер»;
22) «Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер»;
23) «Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасына эмгек сиңирген кызматкер».
 


Тектеш материалды окуу