
Жарыяланган
2026-21-05, 12:32Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштурган чет элдик жаран кармалды
Чет өлкөлүк жарандар үчүн жасалма медициналык маалымкаттарды колдонуу аркылуу мыйзамсыз миграция каналын уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, чет мамлекеттин Л.Ц. аттуу жараны кармалды. Ал Кыргызстандын айрым жарандары жана Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери менен келишип алып, мыйзамсыз миграция каналын уюштурган деп шектелүүдө.
Л.Ц.нын жумуш ордун тинтүү учурунда чет өлкөлүктөргө Кыргызстандын аймагында жүрүүгө укук берүүчү визаларды алуу жана узартуу үчүн даярдалган 90дон ашык жасалма медициналык маалымкат табылган.
Учурда кармалган Л.Ц. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган берене боюнча 3 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу, белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугун 3 жылга чейин чектөө, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо түрүндөгү жаза каралат.

