
Жарыяланган
2025-28-08, 13:29Борбордук Азиядагы кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана УКМК Чек ара кызматындагы айрым аскер кызматкерлери уюштурган мыйзамсыз миграция каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-августта бул факт боюнча «А.Э.К.» аттуу КРнын жараны кармалган. Ал буга чейин Ош шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунун директорунун жардамчысы болуп иштеген жана «Казак», «Дженго» уюшкан кылмыштуу топторунун өкүлдөрүнүн адвокаты катарында белгилүү болгон.
Ал чет өлкөлүк жарандардын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүн уюштуруп, аларга турак жай таап берген. Ошондой эле, Чек ара кызматынын өкүлдөрү менен келишип алып, чет элдиктерди КР Чек ара кызматынын каттоо системасына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен каттоодон өткөрүшкөн.
Учурда буга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

