
Жарыяланган
2026-06-04, 11:46Социалдык фонд Кыргызстанда пенсия канча бөлүктөн турарын түшүндүрүп берди.
Соцфондун маалыматы боюнча, Кыргызстанда пенсиялык система үч бөлүктөн турат: базалык, камсыздандыруу жана топтомо.
Базалык бөлүк – мамлекет бюджеттин эсебинен берген акча. Учурда анын суммасы 3 миң 170 сомду түзөт. Ал стажы бар жарандарга берилет.
Камсыздандыруу бөлүгү жарандын Социалдык фондго которгон камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түзүлөт. Соцфондго канча көп акча которсоңуз, кийин пенсияңыз ошончолук көп болот.
Топтомо бөлүк да жарандын Соцфондго чегерген акчасынан куралат. Мисалы сиздин айлыгыңыздан 10% камсыздандыруу төгүмү кармалып калат. Анын 8%ы камсыздандыруу бөлүгүнө, ал эми 2%ы топтомо бөлүгүнө түшөт. Топтомо бөлүк жаран пенсияга чыкканда дароо берилет. Ошондой эле акчаны пенсияга чыкканга чейин эле, ипотекага үй алып жатканда, дарыланууга, чет өлкөгө көчүп кетип жатканда (жана башка учурларда) алса болот.
Учурда Кыргызстанда жаш курак боюнча пенсияга чыгуу үчүн кеминде 6 жылдык стаж керек. Эркектер – 63, аялдар – 58 жашында пенсия чыгат.



