
Жарыяланган
2025-31-12, 11:30Быйыл 1-октябрга карата Кыргызстанда туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 144.6 миң чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бул санга туристтик товарларды өндүрүүчү, аларды сатуучу жана туристтик-экскурсиялык кызматтарды көрсөтүүчү ишканалар, ресторандар, туристтердин жашоосу, эс алуусу жана көңүл ачуулары менен байланышкан жайгаштыруу жайлары (коруктар, улуттук табигый парктар, альплагерлер), бардык түрдөгү транспорт ишканалары ж.б. кирет.
Алардын негизги бөлүгү – 32.6 миң субъект же 22.5%ы Бишкек шаарында, 20.6 миң же 14.3%ы - Ош облусунда, 18.2 миң же 12.6%ы Чүй облусунда, 19.3 миң же 13.4%- Ош шаарында жайгашкан.



