Akchabarsearch
Кыргызстандагы туризмден түшкөн киреше 1 миллиард доллардан ашты

Жарыяланган

2026-30-03, 11:00

Кыргызстандагы туризмден түшкөн киреше 1 миллиард доллардан ашты

Былтыркы жылы Кыргызстандын туризм тармагы 1,098 долларга жеткен киреше менен сапаттуу өсүш көрсөттү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, бул 2024-жылга салыштырмалуу 8,1%га көп. 

Бул көрсөткүч туризм тармагынын фрагменттик өнүгүүдөн системдүү башкаруу жана илгерилетүү моделине өтүп жатканын тастыктайт.

Туризм жумуш орундарын түзүүгө, региондорду өнүктүрүүгө жана байланышкан тармактарга мультипликативдүү эффект берүүгө шарт түзүп, ички дүң продуктта 3,8% үлүш жана 74,4 млрд сом кошумча нарк түздү.

Өсүшкө негизги факторлор: өлкөнү эл аралык деңгээлде илгерилетүү, туристтик инфраструктураны өнүктүрүү, агымдардын географиясын кеңейтүү жана ички туризмдин активдүүлүгү. Учурда тармакта болжол менен 129 миң субъект иш алып барууда.

Кыргызстан туризмди туруктуу өнүктүрүү, санариптештирүү жана жаңы туристтик продукттарды түзүү аркылуу Борбордук Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү багыт катары бекемдөөнү улантууда. 


Тектеш материалды окуу