Akchabarsearch
Кыргызстандын каржы секторунун кирешеси биринчи чейректе 1.7 эсеге өстү

Жарыяланган

2026-06-07, 10:18

Кыргызстандын каржы секторунун кирешеси биринчи чейректе 1.7 эсеге өстү

2026-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстандын каржы секторунда 483 уюм иш алып барды. Анын ичинде Улуттук банк, 24 коммерциялык банк, 439 банктык эмес финансы-кредиттик уюм жана 19 камсыздандыруу компаниясы бар.

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, январь–март айларында каржы секторунун жалпы кирешеси 81.1 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1.7 эсеге, же 34.3 млрд сомго көбөйдү.

Кирешенин өсүшүнө негизги салымды банк сектору камсыздады.

Ошол эле учурда каржы секторундагы уюмдардын чыгымдары да көбөйдү. Биринчи чейректе алардын жалпы көлөмү 45.7 млрд сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.5 эсеге, же 14.8 млрд сомго көп болду.


Тектеш материалды окуу