
Жарыяланган
2025-25-12, 12:58Бүгүн, 25-декабрда Элдик курултайда президент Садыр Жапаров ири курулуштардын каржылоо булактары тууралуу айтып берди.
Ал өлкөдөгү ири курулуштарга кеткен чыгымдар тууралуу суроолор көп болуп жатканын билдирди.
“Кумтөр” кенин өзүбүздүн мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. “Кумтөрдөн” быйылкы жылы эле 678 миллион доллар таза киреше көрдүк.
2020-жылга чейин 1 миллион доллар да киреше бербеген "Кыргызалтын" быйылкы жылда 200 миллион долларлык киреше берди. Мурда жылыга мамлекеттен 300 миллион сомго чейин дотация алып олтурган “Макмал” алтын кени тескерисинче быйыл 670 миллион сом таза кирешеге чыкты. "Кыргызалтындын" былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү бир жылда 735 миллион сом таза киреше алды”, - деди мамлекет башчы.
Президент 2021-жылга чейин дотацияда отурган "Кыргызстан аба жолдору", "Кыргыз темир жолу" сыяктуу көптөгөн тармактар да кирешеге иштей башташканын кошумчалады.


