Akchabarsearch
«Ак-Кеме» мамлекетке айына $60 миң киреше алып келет

Жарыяланган

2026-24-08, 10:55

«Ак-Кеме» мамлекетке айына $60 миң киреше алып келет

Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасы жеке инвесторго 15 жылга ижарага берилди. Инвестор мамлекетке ай сайын $60 миң төлөп турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мейманкананын жаңыланган имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, «Ак-Кеме» мейманканасын Аскар Акаевдин президенттиги учурунда түрк ишкерлери курган. Кийин мейманкана алардан мыйзамсыз алынган. Буга байланыштуу ишкерлер Нью-Йорктун сотуна кайрылып, сотто утуп чыгышкан.

Алгач Кыргызстан түрк ишкерлерине $16.5 млн төлөшү же мейманкананы кайтарып бериши керек болгон. Бирок соттун чечими аткарылбай, күн сайын $15 миңден кошумча төлөм эсептелген. 2020-жылга карата талап кылынган сумма болжол менен $30 млнго жеткен.

Садыр Жапаровдун айтымында, ишкерлер Кыргызстанга таандык чет өлкөдөгү активдерди, анын ичинде Швейцарияда сакталган Улуттук банктын алтынын камакка алдырууга аракет кылышы мүмкүн болгон.

«Биз бийликке келгенден кийин түрк ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени тынчтык жолу менен чечтик. Натыйжада төлөнө турган сумманы $6.5 млнго чейин азайттык», — деди президент.

Сүйлөшүүлөр 2021-жылдан 2023-жылга чейин жүргөн. Андан кийин мейманкана Президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлүп, кийин жеке инвесторго 15 жылга ижарага берилген.

Келишим боюнча инвестор мейманкананы өз каражатына оңдоп, беш жылдыздуу мейманкана деңгээлине жеткириши керек. 15 жылдык ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин объект мамлекетке кайтарылат.

«Бүгүнтөн баштап инвестор мамлекетке ай сайын $60 миң ижара акы төлөйт», — деди Жапаров.

Демек, мамлекет жылына $720 миң, 15 жылда жалпы $10.8 млн киреше алат.

Президенттин айтымында, мейманкана 2023-жылы мамлекетке өткөрүлүп берилген учурда анын коммуналдык төлөмдөрдү кошкондо ар кандай карыздары болжол менен 30 млн сом болгон.

Жаңыланган «Ак-Кемеде» 74 бөлмө, жыйындар залы, ресторандар, спорттук жайлар жана эс алуу зоналары бар. Инвестор мейманкананы жаңылоого канча каражат жумшаганы айтылган жок.


Тектеш материалды окуу