
Жарыяланган
2025-05-12, 15:41Быйылкы жылдын биринчи жарымында кыргызстандыктардын реалдуу орточо кирешеси 11.2 миң сомду түздү. Бул былтыркыга караганда 4%га төмөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Бишкек шаарынын тургундарынын кирешеси республикалык орточо деңгээлден 3.7 миң сомго жогору болду. Ош шаарында бул көрсөткүч 248 сомго, ал эми Чүй облусунда 434 сомго көп чыкты.
Калган облустарда киреше өлкөнүн орточо деңгээлинен төмөн болду. Эң чоң ажырым Нарын облусунда катталды — бул аймакта орточо киреше 3.3 миң сомго аз. Ысык-Көл облусунда 2.1 миң сомго, Талас облусунда 1.6 миң сомго төмөн экени белгиленди.
Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда орточо киреше республикалык деңгээлден 931 сомго, Баткен облусунда 857 сомго, Ош облусунда 694 сомго аз болду.



