Akchabarsearch
Кыргызстандын тургундарынын кирешеси кайдан түшөт: кирешелер 18.7%га өстү

Жарыяланган

2026-02-09, 09:41

Кыргызстандын тургундарынын кирешеси кайдан түшөт: кирешелер 18.7%га өстү

Кыргызстандын калкынын акчалай кирешеси 2026-жылдын I кварталында 269.2 млрд сомду түздү.  Бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18.7%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Калктын кирешесинин негизги булагы — эмгек ишмердиги. Жалпы акчалай кирешенин 78.8%ы эмгек акы жана башка жумуштан түшкөн кирешелерге туура келген.

Мындан тышкары:

•    12.7% — пенсия жана жөлөкпулдарды кошкондо социалдык төлөмдөр;
•    6.2% — жеке көмөкчү чарбаларда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше.

Жалпы 269.2 млрд сомдун ичинен болжол менен:

•    212.1 млрд сом — эмгек акыдан түшкөн киреше;
•    34.2 млрд сом — социалдык төлөмдөр;
•    16.7 млрд сом — айыл чарба продукциясын сатуудан түшкөн киреше.

Калган 6.2 млрд сомго жакын каражат башка киреше булактарына туура келет.

Кирешелердин өсүшү калк былтыркыга караганда көбүрөөк акча таба баштаганын көрсөтөт. Бирок бул адамдардын жашоо деңгээли да 18.7%га жакшырды дегенди билдирбейт. Кирешенин чыныгы өсүшүн аныктоо үчүн аны ошол эле мезгилдеги баалардын өзгөрүшү менен салыштыруу керек.
 


Тектеш материалды окуу