Akchabarsearch
Кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Жарыяланган

2025-10-10, 17:58

Кыргызстандыктарды Японияда ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз-япон кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Синдзи Тарутоко баштаган Япониянын бизнес-лидерлеринин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууда кызматташуу, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек миграциясы жана санариптик технологиялар тармактарында иштешүү маселеси талкууланган. 

Ошондой эле онкологиялык ооруларды изилдөө жана дарылоо боюнча Кыргыз-япон диагностикалык борборун түзүү боюнча сөз болгон. Аны менен катар Кыргызстандын жарандарын Японияда ишке орноштуруу маселеси каралган. 

Япония тарап кызматташууну арттырууга даяр экенин белгилеп, спорт жаатында, атап айтканда футболду өнүктүрүү боюча иштешүүгө болорун айткан.


Тектеш материалды окуу