Жарыяланган
2025-10-10, 16:39Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты капиталдык ондоодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.
Оңдоо иштерине 75 млн сом бөлүнгөн.
Долбоор боюнча 4-кабатта заманбап жыйын залдары жана президенттин кабинети чейин жасалат.
Облус башчысы Эрмат Жумаевдин "Ак үй" оңдоо иштери быйыл бүткөрүлө турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Талас облустук администрациясынын имараты эл арасында "Ак үй" деп аталып келет.