Akchabarsearch
Кыргызстандыктардын карталарынан 11 млн сомго жакын акча жоголду

Жарыяланган

2025-18-12, 16:58

Кыргызстандыктардын карталарынан 11 млн сомго жакын акча жоголду

Быйыл июль-сентябрь айларында банктар 640тан ашык уруксатсыз операция жүргүзүлгөнүн жана жыйынтыгында 11 млн сомго жакын акча эсептерден алынганын каттаган. Бул тууралуу коммерциялык банктардын маалыматында көрсөтүлгөн.

Төлөм системалары боюнча алсак, эң көп зыян Visa карталарынын ээлеринде катталган — 522 учур, 9.4 млн сом. Экинчи орунда MasterCard карталары турат — 87 операция, 209 миң сом зыян. Үчүнчү орунда Элкарт карталары — 32 уруксатсыз операция аркылуу 1.33 млн сом жоголгон.

Салыштырсак, өткөн жылы 729 учур катталып, суммасы 10.1 млн сом болгон. Быйыл учурлардын саны азайганы менен (641), зыян көбөйүп, 10.9 млн сомду түзгөн.

Мындан тышкары, банктар 23 учур чет элдик банктардын карталары менен Кыргызстандын банктары аркылуу болгонун билдиришти. Зыян 18.6 миң сом болгону менен, мындай учурлар төлөм системасынын тобокелчилигин көрсөтөт.

Бардык учурлар боюнча банктар кардарлардын акчасын кайтарууга аракет кылууда. Бирок статистика көрсөткөндөй, карталык алдамчылык дагы деле төлөм рыногундагы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.
 


Тектеш материалды окуу