
Жарыяланган
2026-21-05, 18:00Манас шаарындагы Олимпиадалык резервдин регионалдык мектебин оңдоо иштерин жүргүзүү учурунда мамлекетке 7.2 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери подряддык уюмдар менен сүйлөшүп алып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн президенттик фондунан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иш-чараларынын алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Атайын кызмат тарабынан иштин бардык жагдайларын жана тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

