Жарыяланган
2025-16-10, 16:16Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет жакка 200.7 тонна бал экспорттоду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Чет өлкөлөргө сатылган балдын баасы 932.3 миң долларды түзгөн.
Балдын көбүн же 73 тоннаны Кытай сатып алган. Ошондой эле Кувейтке – 28 тонна, Японияга – 21 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына – 16.6 тонна, Өзбекстанга – 15.1 тонна, Кореяга – 12.2 тонна, АКШга – 8.1 тонна, Катарга – 6.9 тонна, Малайзияга – 6.2 тонна жана Бахрейнге – 3.6 тонна экспорттолгон. Дагы 9 тоннадан башка өлкөлөргө сатылган.